​Кайгуул кызматына экинчи этапта бош кызмат орундарына сынак жарыяланды

  • 5 лет мурун

Милициянын кайгуул кызматына экинчи этап боюнча бош кызмат орундарына сынак жарыяланды.

Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Сынакка катышууга документтер 24-августуна чейин ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы тарабынан Бишкек шаары Валиханов көчөсү 1а дареги боюнча кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды сурап билүү тел. +996 312 63 09 01, +996 312 63 02 53, тел./факс +996 312 63 12 75.

Конкурска аялдар жана эркектер катыша алат:

1) Катардагы кызмат орунга 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар;

2) Офицердик кызмат орунга 21 жаштан 35 жашка чейинкилер;

3) Cоттолбогону тууралуу маалымкат;

4) «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болууга тийиш;

5) Офицердик орунга талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү, кенже курамга орто билимдүү болуусу керек;

6) Башкармалыктын начальнигинин кызмат ордуна катыша тургандар үчүн – укук коргоо органдарында жетектөөчү кызмат ордунда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш;

7) Эркектердин боюнун узундугу 170 см кем эмес, ал эми аял кишиники 165 см кем эмес болуш керек;

8) Биринчи конкурска катышкан жана тандоодон өтпөй калган талапкерлер жалпы негиздерде экинчи конкурска катыша алышат.

Бош кызмат орундарынын тизмеси сайттын маалымат бөлүгүндө жайгаштырылган. (http://www.guobdd.kg/onenews/1351)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты