​Өкмөт Ирак менен Сириядан кыргызстандык балдарды кайтарып келүү иштерин жүргүзүүдө

  • 5 лет мурун

Өкмөт Ирак жана Сириядан Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Сириянын «Качкындар үчүн курд лагерлеринде» кармалып жаткан жана Ирак түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Багдад шаарына сентябрь айынын башталышында Ирактын түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөттөрүн өткөрүп жаткан кыргыз жарандарынын балдарын алып келүүгө барары чечилди.

Ирактын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары визалык режимди бузгандыгына байланыштуу айып төлөө маселесин чечүү үчүн кыргыз тараптан финансылык каражаттар такталды.

Азыркы тапта финансылык каражатты бөлүү боюнча КР Өкмөтүнүн буйругунун долбоору өкмөттүн аппаратында каралып жатат.

Ал эми Сириянын “Качкындар үчүн курд лагеринде” кармалып жаткан кыргызстандыктарды кайтарып келүү маселеси боюнча, Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүк жана консулдук мекеме аркылуу Сириядагы качкындар үчүн курд лагерлерине кире алуучу эл аралык уюмдарынын ресурстарын колдонууга, Кыргызстандын жарандарынын Сириядагы даректерин аныктоого жана аларды Кыргызстанга кайтарып келүү боюнгча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты