Каттоо кызматынын мурдагы төрайымы ​Алина Шаиковага издөө жарыяланды

  • 5 лет мурун

КР Жазыкпроцесстик кодексинин 239-беренесине ылайык, Улуттук коопсуздук комитети Каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыялады.

Алина Шаикова УКМК Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан адвокаты аркылуу бир нече жолу суракка чакырылган.

Буга чейин Алина Шаикова 5-августка чейин суракка келбесе, издөө жапыяланат деп эскертилген болчу.

Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук Комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөткө караштуу Каттоо кызматынын, “Инфоком”мамлекеттик ишканасынын, КР Каржы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-иши тергелүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Алина Шаикова — айтылган кылмыш-иштин фигуранттарынын бири экени айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты