​Бишкек-Стамбул учагында ымыркай чарчап калды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-августта, Бишкек-Стамбул аба каттамында ымыркай чарчап калды.

Бул маалыматты «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы тастыктады.

Учак эртең менен саат 8.50 дө Бишкектен Стамбулга учуп чыккан.

Учкандан кийин экипаждын командири бир жүргүнчү жаман болуп жатат деп аэропортко кайра кайтууну суранган.

Учак саат 10:16 да кайра кайтып, аэропортко конгон.

Бирок учак конгондо келген «Тез жардам» врачтары ымыркай чарчап калганын билдиришти. Ал 1,5 айлык болгон.

Анын себеби иликтенет. Айрым маалыматтарга караганда, ымыркайды Стамбулга врачтарга көрсөткөнү алып бара жатышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты