​Абылгазиев мыйзамсыз товар ташууга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына мыйзамсыз ташуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тартууга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, начар башкаруу жана салык органдарынын ишин көзөмөлдөө көйгөйлөрү, ошондой эле салык төлөөдөн баш тартууга каршы активдүү чаралардын жоктугу бюджеттин киреше бөлүгүндөгү айрым бир маселелерге алып келет.

Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди жеке көзөмөлгө алууну тапшырып, тиешелүү жетекчилерге эскертти.

Жакын арада бул маселе Өкмөттө кайрадан караларын баса көрсөттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты