​Баш прокуратура: “Тергелип жаткан иште Атамбаевдин көрсөтмөсү керек”

Баш прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка күбө катары чакыртылып жатышы тергөөнүн объективдүү болушуна шарт түзөт деп билдирди.

Атамбаев күбө катары чакыртылууда

“Тергелип жаткан бул иште Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү керек. Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдарына жооп берет.

Бирок кылмыш-процессуалдык мыйзам тартибин бузуп, Атамбаев ар кандай шылтоолор менен күбө катары суракка чакыруу кагазын четке кагып жатат” деди Баш прокуратура.

“Алмазбек Атамбаевдин жана анын өкүлүнүн тергөө органдары бул иште компромисске келиши керек деп айтканы кылмыш-процессуалдык мыйзамдарын бузуу болуп саналат.

Кылмыш-жаза кодексинде каралбаган тергөө иш-чараларын өткөрүүгө болбойт. Эгер күбө Атамбаев ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүрсүн десе, ал суракка келип, бул иштеги өзүнө белгилүү жагдайлар тууралуу айтып бериши керек.

Тергөө органдарынын бул иш боюнча иш-аракеттери кылмыш-процессуалдык мыйзамдарына туура келет” деп белгиледи Баш прокуратура.

Сурактын мыйзамдуу же мыйзамдуу эместиги Конституциялык палатанын полномочиесине кирбейт

Конституциялык палатага кайрылуу тергөө ишинин ченемдик-укуктук актыларынын ишин токтотуп коюу керек дегенге жатпайт.

“Ал эми сурактын мыйзамдуулугу же мыйзамга каршы келгени Конституциялык палатанын полномочиесине кирбейт. Ал сурактын мыйзамдуулугу боюнча маселеде көзөмөл органы катары чыга албайт.

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 3-октябрындагы чечимине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиги тууралуу” мыйзамынын 12- беренеси Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келет деп табылган. Бул жерде экс-президенттин Президент болуп турган кезиндеги кылмыш ишине жооп берүү процедурасы каралган эмес.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу үчүн 2019-жылдын 15-майында “КР Президентинин кепилдиктери тууралуу” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Анда экс-президенттик статустан ажыратуу жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу процедуралары каралган” деп айтылат.

Буга чейин адвокат Сергей Слесарев Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин суроолоруна жообун эч кимге жарыялабастан, купуя бойдон өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

Слесарев Атамбаев экс-президент деген статуска ээ экенин, парламенттин аны бул статустан ажыратуу тууралуу токтому кол тийбестигин алууга негиз боло албасын кошумчалады.

25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун көрсөтмөсүнө таянып Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Батукаевди бошотуу боюнча тапшырма бергенин билдирген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик кол тийбестик статусунан ажыраткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты