​ИИМ: «Слесарев Атамбаевдин өкүлү жана жактоочусу катары кайрылууга укугу жок»

Ички иштер министрлиги кримтөбөл А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Сергей Слесаревдин Алмазбек Атамбаевди суракка мыйзамсыз чакырды дегени боюнча, андан сырткары укуктук талаадагы жагдайлар жөнүндө кайрылуусу келип түшкөндүгүн, ИИМ бул кайрылууга жооп бергенин министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин жообунда мындай деп айтылат:

«Күбө катары чакыруунун негизи катары кылмыш иши боюнча тиешелүү жагдайларды тактоо үчүн кандайдыр-бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн экендигин көрсөтүп жаткандыгын эсептөөгө болот» деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

ИИМ Сергей Слесаревдин өзү укуктук талаага кайтып келиши керектигин белгилейт.

«Тергөө кызматы тарабынан С. Слесаревге эгерде ал өкүл катары эсептелсе, анда тапшырма катты тапшыруу керектиги бир нече жолу айтылган, бирок С. Слесарев Тергөө кызматына тапшырма катты тапшырган эмес» деп айтылат.

Ошондой эле, Слесаревдин кайрылуусунун экинчи бөлүгүндө ал өзүн жактоочу катары көрсөткөн.

«Жазык-процессуалдык кодексинин 50, 54-беренелеринин жана 5-берененин 14-пунктунда жактоочунун жазык сот өндүрүшүндө анын ыйгарым укуктары тапшырма ордери менен тастыкталат.

Бүгүнкү күнгө чейин, Слесарев тарабынан тапшырма ордери тапшырылган жок, ушул себептүү аталган иш боюнча жактоочу катары катышууга укугу жок.

Ал кандайдыр-бир өтүнүч билдирүү, даттануу жана арыздануу сыяктуу билдирүүлөрдү жасоого укуксуз.
Ушуга байланыштуу, жазык кылмыш сот өндүрүшүнө катышуу үчүн С. Слесарев өзү укуктук талаага кайтып келүүсү зарыл жана тапшырма ордерин тапшыруу керек» деп билдирди ИИМ.

Сергей Слесарев Ички иштер органдарына кол тийбестиги бар адамды суракка чакырууга укугу жоктугу, мында мыйзам бузулуп жаткандыгы тууралуу үч жолу билдирүү жибергенин айтты.

Бирок 22-июлда тергөө тобунун жетекчиси, милициянын подполковниги Э. Ашыркожоев, Ички иштер министринин орун басары полковник М. Каниметов Атамбаев жашаган үйгө барып, суракка байланыштуу мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

ИИМдин жооптуу кызматкерлеринин аракети Конституцияга жана мыйзамдарга каршы келип, ИИМ органдарынын кадыр-баркына доо кетирет деп билдирген Слесарев.

Буга чейин Ички иштер министрлиги кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. Анын себеби мурдагы президенттин тарапташтары муну куугунтук деп эсептешет

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик кол тийбестигинен ажыраткан.

Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз бошотулушу боюнча Биринчи май райондук соту мурдагы Баш прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалып, баш коргоо чарасы өзгөртулгөн.

Ушул эле иш боюнча лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо экс-министри Динара Сагынбаева да кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган.

Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Жапар Эрматов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган жанеа эки айга камалган

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев да бул иш боюнча суракка алынууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды.

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев Чүйдүн Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен оор кылмыштар боюнча 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. 2013-жылы рак дарты менен ооругандыгына байланыштуу деген жүйө менен абактан биротоло бошотулган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты