​Бишкекте коомдук транспортто электрондук билет системасы киргизилет

  • 5 лет мурун

Бишкекте автобус, троллейбустарда 1-октябрдан баштап электрондук билет системасы ишке киргизилет.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш боюнча тендерде швейцариялык BPC AG компаниясы жеңип чыгып, ишти баштады.

Август айынын аягында борбордо автобус менен троллейбустарда стационардык валидаторлор орнотула баштайт. Валидатордук жабдуу транспорттук жана банк картасы менен иштей алат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты