Жарым жылда 118 ала качуу фактысы катталды

  • 5 лет мурун

Быйыл Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча 118 факты катталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков Бишкекте өткөн «Ала качууну алдын алуу жана болтурбоо» деген талкууда билдирди.

— 2019-жылдын алты айында ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш иши козголду. Анын 94ү кызды никеге тургузуу үчүн уурдоо, 12си никеге турууга мажбурлоо. Иштердин көбү сотко өттү,- деди Рысбеков.

БУУнун гендер боюнча соңку баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуу жолу аркылуу курулары айтылган.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык 2019-жылдан тартып Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн.

Мыйзам боюнча кыз ала качкан киши 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты