​Жээнбеков: «Мекендештер жана жергиликтүү ишкерлер тарабынан 6,1 млрд. сомго иштер жасалды»

Бүгүн, 2-августта, Бишкек шаарында Президентке караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйыны улантылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков төрага болууда.

Президент сөз сүйлөп, чет жердеги мекендештерибиздин Мекенине кошкон салымын белгиледи.

«Азыркы күндө региондордо жергиликтүү фонддор түзүлүп жатат.

Бул фонддор кичи мекенин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлүп, биздин мекендештер салымын кошууда.

Биз бул тажрыйбанын жалпы республика аймагына жайылышын колдойбуз.

2018-жылдын 12 айында мекендештер жана жергиликтүү ишкерлер тарабынан 6,1 млрд. сомго иштер жасалды.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мекендештериме аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги демилгелерди колдоп жаткандарына терең ыраазычылык билдирем, -деди Президент.

Андан ары мамлекет башчы эмгек мигранттарынын колдоосунда фонддордо 2 млрд жакын сом топтолгонун айтып өттү.

“2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада эмгек мигранттары жана мекендештерибиздин колдоосунда 153 ар түрдүү фонддор — өнүктүрүү фонду, кайрымдуулук фонду жана башк ашул сыяктуу фонддору түзүлгөн.

Аларда 2 млрдга жакын сом топтолгон» деди Сооронбай Жээнбеков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты