​Атамбаев: «Бакиевдин кандуу режимин реабилитациялоо башталып жатат»

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү эки телеканалдын мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу тасманы көрсөткөнүн комментарийлеп берүүнү өтүнгөн журналисттин суроосуна бул «Бакиевдин кандуу режимин реабилитациялоо башталып жатканы» деп билдирди.

—Бул иш жүзүндө Бакиевдин кандуу режимин реабилитациялоо болуп саналат.

Анын учурунда, силердин кесиптеш-журналисттерди өлтүргөн, колу-буттарын байлап, тирүүлөй 6-кабаттан ыргытышкан же Сыргак Абдылдаевге окшотуп, 15 пи же 17 би, жерине бычак сайышкан. Элди анда жөн эле өлтүрүп салышчу.

Мына ошол кандуу режимди, буга жол берилет деп, реабилитациялоо башталып жатат. Бийлик үчүн элди өлтүрүүгө да болот дешкен алар, -деди Алмазбек Атамбаев.

Курманбек Бакиев 2005-жылы бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин качып кеткен.

Учурда Беларуста жашайт.

30-июлда Кыргызстандын НьюТВ жана НурТВ телеканалдарында аны жактап, куттуктаган тасмалар көрсөтүлдү.

Улуттук коопсуздук комитети Нурланбек Шакиевге жана Бекболот Келдибековго мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу чагымчыл видео материалдарды жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салуу боюнча расмий эскертүү жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты