​Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

  • 5 лет мурун

Өкмөткө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү.

Мындай чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Чечим КР суу кодексинин ченемдеринин суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органын түзүүнү жөнгө салган талаптарын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү милдеттери жүктөлөт.

Мындан тышкары Суу кодексинде каралган милдеттерди тийиштүү түрдө аткаруу максатында суу ресурстары агенттигине суу секторунун мамлекеттик органдарынын айрым иш-милдеттери берилет.

Бул – суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү, жер алдындагы суулардын режимин жана абалын изилдөө, айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу, ошондой эле башка ведомстволордун карамагында турган ирригация жана дренаж маселелери.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты