​Самарада SSJ 100 учагы чукул конду

  • 5 лет мурун

Краснодардан Тюменге бара жаткан Sukhoi Superjet 100 учагы Самарага чукул конду.

Куйбушев транспорт прокуратурасынын маалыматына таянып, бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Окуя бүгүн, 31-июлда, 03:01 де (02:01 мск) Курумоч аэропортунда болду.

Анын себеби кыймылдаткычынын оң абалда эместиги деп айтылды.

Учакта 97 жүргүнчү болгон, алардын эч кимиси жабыркаган жок.

Мурда SSJ-100 5-майда Москвадан Мурманскиге баратып, Шереметьевого 28 мүнөттөн кийин кайра кайрылып келген. Анда учактын шассиси сынып, кыймылдаткычы күйгөн. Анда кырсыктан 41 киши каза тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты