​Кальян, электрондук тамеки акцизделчү товарлар тобуна кирди

  • 5 лет мурун

Ысытылган тамекиси бар буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылган капсула ж. б.), электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук акцизделчү товарлар болуп эсептелет.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан ары акциздин базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

— 1 кг ысытылган тамекиси бар буюмдар – 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин – 610 сом, 2021-жылдын ичинде – 700 сом, 2022-жылдын 1-январынан тартып 800 сом;

— 1 мл никотин камтыган суюктук – 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин – 1 сом, 2021-жылдын ичинде – 1,25 сом, ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып – 1,5 сом.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты