​УКМК Курманбек Бакиевди мактаган телеканалдарга эскертүү берди

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактаган берүү уюштурган жалпыга маалымдоо каражаттарына эскертүү берди.

Улуттук коопсуздук комитетинин 31-июлдагы билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

“Мындай маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу УКМК авторлорго коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет” деди.

УКМК «Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгонун» белгиледи.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылы бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин качып кеткен.

Учурда Беларуста жашайт.

30-июлда Кыргызстандын НьюТВ жана НурТВ телеканалдарында аны жактап, куттуктаган тасмалар көрсөтүлдү.

Сүрөттө: 2010-жылдын 7-апрелиндеги сүрөттөр интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты