​Бишкек- Кара-Балта жолу убагында бүтөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусун кыдырып, Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов айткандай, долбоордо 4 жана 6 кыймыл тилкеси, көпүрөнү оңдоп кеңейтүү, чакан жасалма курулуштар, сууну агызуу курулмалары, базар жанында унаа токтотуучу жайлар, автопавильондор, тротуарлар каралган. Келишимдин суммасы 70, 24 млн АКШ долларын түзөт.

Анын маалыматы боюнча, буга чейин курулуш иштери графиктен кечеңдеп келген, бирок бүгүнкү күнү бардык маселелер чечилген,

«Кыймыл жыш бул жолдо жарандарыбыз кандай ыңгайсыздыктарды тартып жатканын биз билебиз. Аларга чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Кийинки жылы бул жерде тиешелүү жол инфратүзүмү бар, жарыктандыруусу жакшы, суу агызуу курулмалары, унаа токтотуучу жайлары, кеңири тротуарлары бар заманбап трасса болот» деди Абылгазиев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты