​Россияда токойлорду өрт чалды

  • 5 лет мурун

Июль айынын аягында Россиянын токойлорун өрт каптады. Ага байланыштуу Красноярск, Иркутскиде жана Бурятияда өзгөчө абал жарыяланды.

Россиянын ЖМК билдирүүлөрүнө караганда, бул акыркы мезгилдеги эң ири өрт кырсыктары.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Красноярск, Иркутскиде жана Бурятияда өзгөчө абал жарыялангандыгын билдирди.

Өрт айрыкча Якутия, Красноярск жана Иркутск облусунда эң көп катталганы айтылат.

Президенттин Сибирь федералдык округу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү 29-июлга карата өрт чалган токойлордун аянты 1,6 миллион гектардан ашканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты