Пробация кызматы юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлөт

  • 5 лет мурун

1-сентябрга чейин Пробация кызматы юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлөт

Бул тууралуу маалымат жыйында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.

Ошондой эле “Пробация институтун өнүктүрүү боюнча жол картасынын” долбоору иштелип чыкканын, аны өнүктүрүү боюнча программа жана иш-чаралар иштелип чыгып атканын белгиледи.

“31-июлда Өкмөттүн буйругу менен Юстиция министрлигине «Бишкек штамптоо заводу» мамлекеттик ишканасынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн эки кабат имараты берилди. Министрлик тарабынан бул имаратты оңдоп-түзөөгө каражат табуу иштери жүрүп жатат” деп кошумчалады Жаманкулов.

Өкмөттүн 31-майдагы токтому менен юстиция министринин орун басарларынын саны үч орунга чейин көбөйтүлгөн.

Ал эми 21-июнда жаңы орун басар дайындалып, ал пробация институтун өнүктүрүү боюнча иш алпарып, адвокатура менен нотариат чөйрөсүн жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун ишин көзөмөлдөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты