​Түркмөнстанда президенттин өлүмү тууралуу ушак тараткандар кармалды

  • 5 лет мурун

Түркмөнстанда Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу ушак тараткан адамдар кармала баштады.

Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата «Түркмөнтелеком» ишканасынын Лебап облусундагы бөлүмүнүн кызматкери, Суу чарба башкармалыгынын жана жергиликтүү Турак-жай-коммуналдык чарбасынын бирден жумушчулары кармалды.

21-июлда оппозициячыл «Эркин Түркмөнстан» ютуб-каналы өлкөнүн баш калаасындагы өз кабарчыларына шилтеме кылып, мамлекет башчы 20-июлда каза болгонун билдирген.

Президент эл алдына акыркы жолу 5-июлда чыккан. 15-июлда анын басма сөз кызматы президент эмгек өргүүсүндө экенин билдирип, мамлекет башчынын неберелери менен ойноп жатканы тартылган видеону тараткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты