Үйүндө колун байлап салышкан секелек кызды 6 айга балдар борборуна жиберишти

  • 5 лет мурун

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы үйдө 9 жашар кыздын колун байлап салышкан.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы кабарлады.

Аламүдүн районунун жашы жете электер менен иштөө бөлүмү жана райондук үй-бүлө жана балдар бөлүмү 26-июлда таалимсиз үй-бүлөлөрдү кыдыруу учурунда секелек кыздын колун байлап койгон көрүнүшкө туш болду.

Ал үйдө 1950-жылы туулган К.Т. 1978-жылы туулган К.М. аттуу кызы жана 2010-жылы туулган Ш.В. аттуу небереси менен жашай турганы аныкталган.

Секелек кыздын үйдөн качып кетип турганы жана сөз укпаганы үчүн таенеси 2005-жылы туулган дагы бир небересине колун байлатып салган.

Кыздын апасы Бишкекке кеткен боюнча келген эмес. Атасы 8 жыл мурда каза болуп калган.

Ал факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Секелек кыз алты айга Бишкектеги балдар борборуна алынды.

Сүрөт: Чүй ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты