​Зергерлер кум түрүндөгү алтын чайкоочулар менен түз иштеше алышат

  • 5 лет мурун

Зергерлерди сырье менен камсыздоо боюнча кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобого өзгөртүү киргизилди.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Эми зергерлер кум түрүндөгү алтынды чайкоочулар менен түз иштешүү мүмкүндүгүнө ээ.

Өкмөт башчынын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында асыл металлдын пробаларын ажыратуучу белгилерди өз ара таануу маселеси иштелип жатат.

Бул зер буюмдарын интеграциялык биримдиктин аймагында эркин айлантууну камсыздап, өз ара соодада тоскоолдуктарды жоёт.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин зергердик буюмдар рыногунун дараметин ишке ашыруу боюнча кийинки кадамы Евразия зергердик брендин түзүү болуп калат, бул зер буюмдарын сатуу рыногун кеңейтет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты