​Россияга бараткан Кыргызстандын жарандарына кайрылуу

  • 5 лет мурун

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Аликбек Жекшенкулов мекендештерге кайрылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

«Эгерде сиз Россияга чыгууну пландаштырып жатсаңыз, Россияга киргенде эле кайрадан чыгарылып кетпеш үчүн жана убактыңызды, ден соолугуңузду, акча каражатыңызды бекеринен коротпоо үчүн билет алаарда алдын — ала өзүңүздүн фамилияңызды КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтында www.ssm.gov.kg «Миграционная амнистия 2019» деген бөлүмүндө , “кара тизмеде” жок экендигиңиз боюнча текшерип алууңузду өтүнөм.

Эгерде “кара тизмеде” болсоңуз, Кыргызстандын Россиядагы элчисинин www.elchi.ru расмий блогуна кирип, онлайн түрүндө маалымат жазууну сунуштайбыз.

Сиздин статусуңузду тактоо жана “кара тизмеден” чыгаруу иштери үчүн паспортуңуздун электрондук көчүрмөсүн кошо салыңыз.

Мындан сырткары, Россияда жүргөн досторуңуз, туугандарыңыз жана жакындарыңыз байланышка чыкпай, дайыны жок болуп жатса, www.elchi.ru расмий сайты аркылуу КРнын РФдагы элчисине жоголгон жаранды табууга жардам көрсөтүү өтүнүч менен жеке кайрылсаңыз болот.

Ал үчүн жарандын толук аты-жөнү, сүрөтү, паспортунун көчүрмөсү, РФга чыккан мезгили, акыркы турган же иштеген орду тууралуу маалыматтарды жазышыңыз керек.»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты