​Абылгазиев: «Экономикабыз келишимдерди ишке ашыруунун үзүрүн көрүшү керек»

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Президенти Владимир Путиндин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапарларынын алкагында кол коюлган эл аралык келишимдерди жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, экономика министри Санжар Муканбетов, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу маалымат беришти.

Жалпы суммасы 6 млрд. 134 млн. 860 миң АКШ долларына 53 келишимге (макулдашуу, меморандум, соода келишимдер), анын ичинде инвестиция чөйрөсүндө 5 млрд. 514,7 млн АКШ долларына жана соода тармагында 620 млн АКШ долларына кол коюлган.

Си Цзиньпиндин сапарынын алкагында өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпы суммасы 7 млрд. 828 млн АКШ долларына тоо-кен, агрардык өнөр жай, билим берүү, курулуш тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган 24 документке кол коюлган.

Мындан тышкары 500 млн юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам бөлүү жөнүндө келишимге кол коюлуп, 2019-жылдан 2021-жылга чейин 1,5 млрд юань гранттык жардам көрсөтүү ниети ырасталды.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты