​Экс-депутат Кунакунов эркиндикке чыкты

  • 5 лет мурун

Парламенттин экс-депутаты Максат Кунакунов Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечими менен камактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду.

Мындай маалыматты Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.

Ишти кайра кароого жаңы Кылмыш-жаза кодексинин кабыл алынышы себеп болду.

2015-жылы террордук топ Горький жана Панфилов көчөлөрүндө “Альфа” атайын отряды менен атышкан.

Террордук топту ал кездеги депутат Максат Кунакунов курал-жарак жана акчалай каражат менен камсыздап турган деп сотто айыпталган. Кунакунов он жылга эркинен ажыратылган. Ал эми террордук топтун мүчөлөрү дегендер да узак мөөнөткө кесилген.

Мурдагы депутат Кунакунов өзүнө коюлган айыптоону четке каккан.

Сөз эркиндигин коргоо комитети Максат Кунакуновду бошотуу тууралуу талап коюп келген.

Максат Кунакунов — экс-мэр Албек Ибраимовдун жээни.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты