​Сириядагы кыргызстандыктардын жакындары жардам сурашат

  • 5 лет мурун

Сирияда Кыргызстандын 140 жараны кайтып келе албай, оор шартта күн кечирип жатышат. Алар менен кошо дагы 270 бала бар, 227 бала 1 жаштан 8 жашка чейинкилер.

Мындай маалыматты “Элет көйгөйү” коомдук фондунун төрайымы Марийпа Алыкулова vb. kg редакциясына билдирди.

Анын айтуусу боюнча ал жакта жашоого шарт жок. Алар бийлик бутактарына кат жазып, бирок эч кандай жардам ала албай келишкенин айтат.

Гүлмира аттуу жаран кызы менен неберелерин 2014-жылдан бери Сириядан алып келе албай жаткандыгын айтып берген.

Ал эми Чолпон аттуу жаран кыргызстандыктардын көбүн ал жакка алдап алып кетишкендигин, көпчүлүк кыргызстандыктар палаткада жашарын, күндүн ысыгы 60 градуска жетип, жашоого шарт жок, алардын абдан кыйналып жатканын билдирди.

Сүрөт: vb.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты