Момбеков соттон утулду. Шаршембиевге 25 миң сом төлөп берет

  • 5 лет мурун

Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиевге депутат Рыскелди Момбеков 25 миң сом төлөп бериши керек.

Чүй облусунун Сокулук райондук соту ушундай чечим кабыл алды.

Ал эми Бакыт Шаршембиев сотко доо арызында депутаттан кадыр-баркына шек келтиргендиги үчүн миллион сом сураган.

Бакыт Шаршембиев депутатты өткөн жылдын 23-октябрында сотко берген.

2018-жылдын 18-октябрында парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал “Коопсуз шаар” долбоору үчүн жооптуу адам, Бакыт Шаршембиев бир нече кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыккан.

Мухаммедкалый Абылгазиев Президент Сооронбай Жээнбековго Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди берген арызына ылайык кызматынан бошотуу жөнүндө 2019-жылдын 21-майында сунуш киргизген.

Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү керек деген чечиминин бир себебин “КТ Мобайл” компаниясынын чуусуна байланыштуу экенин билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

(Рыскелди Момбеков Бакыт Шаршембиев тууралуу (Видео)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты