​Жээнбеков менен Рахмон жолугушууну эртең Чолпон-Атада улантат

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон жолугушууну эртең, 27-июлда, Чолпон-Ата шаарында улантат.

Бүгүн, 26-июлда, алар Тажикстандын Исфара шаарында жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жолугушууну тарыхый жолугушуу катары баалай турганын белгиледи.

«Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары эгемендик жылдары ичинде алгачкы жолу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жолугушту.

Бул биздин сунушубузду колдогон урматтуу Эмомали Рахмондун акылдуу чечими менен болду. Албетте, биздин бул жолугушуубуз саясий диалогду улантуу жана Сиздин Кыргызстанга расмий визитиңизди уюуштуруу үчүн олуттуу негиз болот» деди Жээнбеков.

Ал эки өлкөнүн элдерин салтка айланган достук, кошуналык, тарыхый жана маданий жалпылыктар бириктирип турганын дагы бир жолу белгиледи.

«Тилекке каршы, биздин чек арабызда жаңжал болду. Биз биргелешип анын себептерин калыс изилдеп чыгып, мындай окуяны экинчи болтурбоо үчүн ачык-айкын чараларды көрүшүбүз керек» деп белгиледи Жээнбеков.

Исфара шаарындагы жолугушуудан соң эки мамлекеттердин башчылары Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарына барышат.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү эртең, 27-июлда улантылат. Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чараларды талкуулашат.

22-июлда Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына тажиктердин Ворух айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотушу себеп болгон.

Аксайдын жашоочулары флагштокко каршы чыгышып, ошондон эки айылдын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан.

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Анын кесепетинен тараптардын бири курал колдонгон.

Бул чырда кыргызстандык 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жарат алган, үчөөнө таш тийген

23-июлда тажик тараптан ок атылып, Кыргызстандын чек ара кызматкери жарадар болду.

Кыргыз — тажик чек арасындагы чырдан тажиктерден бир киши каза болуп, кеминде жетөө жаракат алды.

22-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча кылмыш иши козголду.

Cүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты