​Ысык-Көл КМШдагы мыкты эс алуучу жайдын бирине кирди

  • 5 лет мурун

“ТУРСтат” агенттиги КМШдагы жайкысын эс алуучу мыкты эс алуучу жайлардын рейтингин түзүп, Ысык-Көлдү мыкты үч эс алуучу жайлардын бирине киргизди.

Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Визасыз режим, орус тилин билүү, жергиликтүү калктын меймандостугу, анча кымбат эмес баага эс алуу, даамдуу тамак-аш жана жашылча-жемиш жайкы эс алуунун артыкчылыктарынын бири катары эсептелген.

Мыкты делген эс алуучу жайларга Ысык-Көлдөн тышкары, Казакстандагы “Бурабай” курорту”, Беларустагы Нарочь көлү, Бакудагы Апшерон курорту, Армениядагы Севан көлү киргизилген.

Эң арзан баа Ысык-Көлдө, эң кымбат баа Баку шаарынын курортторунда экендиги белгиленди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты