​Исфарага баратканда Президент аксайлыктар менен жолукту

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда, Тажикстандын Исфара шаарына бара жатып, Баткен облусунун Ак-Сай айылында Баткен облусунун айылдарынын тургундары менен жолугушту.

Президент укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин эске салды.

«Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү жиберилди. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө турат» деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал аскер кызматчыларынын жана укук коргоо орган кызматкерлеринин саны чек арага жакын айылдардын аймагында бир кыйла көбөйтүлгөнүн белгиледи.

Мамлекет башчы Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуудан кийин чектеш Тажикстандын Исфара шаарына Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга жөнөдү.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты