​Жээнбеков менен Рахмон жолугушат

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен Исфара шаарында жолугушат.

Анда эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланат.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты