​Алмазбек Атамбаев Москвадан кайтып келди

  • 5 лет мурун

КСДП партиясы жана тарапташтары мурдагы президент Москвадан кайтып келген Алмазбек Атамбаевди Канттагы орус авиабазасынын кире беришинен бүгүн кечинде тосуп алышты.

—Кудайга шүгүр, сапар байсалдуу болду, — деди Атамбаев.

Ал эми журналисттердин Владимир Путин бардык саясий күчтөр азыркы Президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригиши керек деди, ошонун арасында сиз да болосузбу?-деген суроосуна Алмазбек Атамбаев “биригиши керек дегени менен ал каалоо да” деп жооп берди.

Атамбаев Путин аны экс-президент катары кабыл алганын, жакын адамы, досу экенин билдирди.

Ал эми буга чейин КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин сапарынын жыйынтыгы тууралуу мурдагы президенттин пикирин социалдык баракчасына жайгаштырган.

Анда Атамбаев мындай деп билдирген:

«Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Бирок ички маселебизди биз өзүбүз чечебиз.

Биз Кыргызстандагы жана бул чөлкөмдөгу абал тууралуу сүйлөштүк. Жаңжалдашкан эки тарап тең бардык аракеттерди көрүшү керек.

Биз дагы бул эки жактуу аракеттешүүнүн жолу деп ойлойбуз.

Азыркы бийлик укуктук талаага кайтып келиши керек.

Ал соттордогу иштерди кароодо объективдүүлүктү көрсөтүп, саясий оппоненттерин куугунтуктоону токтотушу керек.

Менин тарапташтарым шайлоого тынч даярданууга мүмкүнчүлүк алышы керек.

Бул тууралуу Владимир Владимирович Путин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүнү көздөп жатат.

Жээнбеков тарабынан андай кадамды көрсөк эле оппозициянын күн тартиби дароо өзгөрүлөт. Саясий чыңалуу басаңдайт. Биз дагы Кыргызстандын келечеги үчүн ушундайды каалайбыз» деп айтты Атамбаев.

Ал эми Россиянын Президенти Владимир Путин журналисттерге Атамбаев менен жолугушуусун мындайча комментарийлеген:

«Мен өз позициямды ага жеткирдим. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө деп эсептейм. Өлкө буга чейин жетиштүү, тактап айтканда эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөрдү» деп Путин Кыргызстанга саясий туруктуулук керек экенин белгиледи.

24-июлда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Канттагы аба майданы аркылуу Москвага учуп кеткен. Атамбаев чет өлкөдө «жогорку деңгээлдеги жолугушууларга» бара турганын, бирок максатын так айткан эмес.

Бул сапар Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыраган бир нече кылмыштарга шектелип, тергөөнүн күбө катары чакырыктарынан баш тарткан учурга туш келип отурат.

Фото: Аки пресс.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты