​Сагынбаев: «Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал – көзөмөлдө»

  • 5 лет мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат»,- деп белгиледи Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-июлда жумушчу кеңешменин жыйынтыгында.

Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арада чыр-чатактарга жол бербөө боюнча эки тараптуу чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин баса белгиледи.

«Бүгүн жол ачык. Кырдаал туруктуу. Жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө» деп белгиледи Сагынбаев.

Ал эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде эксперттердин сүйлөшүүлөрү улантылып жатканын, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топторунун жакында, 6-июлда болуп өткөн сүйлөшүүлөрүндө акыркы эки жылда биринчи жолу маселе чечиле баштаганын эске салды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Бишкек жана Дүйшөмбү ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог активдешип жатканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты