​Атамбаев Путин менен жолугушуусу тууралуу

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Москвада Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда эмнелер тууралуу сөз болгонун айтканын КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасына жазды.

Жолдубаеванын айтуусунда экс-президент Алмазбек Атамбаев мындай деген:

“Бул жолугушуу пикир алмашуу боюнча жакшы мүмкүнчүлүк болду. Жолугушуу жогорку деңгээлде өткөнүнө мен анын уюштуруучуларына ыраазылык билдирем.

Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Бирок ички маселебизди биз өзүбүз чечебиз.

Биз Кыргызстандагы жана бул чөлкөмдөгу абал тууралуу сүйлөштүк. Жаңжалдашкан эки тарап тең бардык аракеттерди көрүшү керек.

Биз дагы бул эки жактуу аракеттешүүнүн жолу деп ойлойбуз.

Азыркы бийлик укуктук талаага кайтып келиши керек.

Ал соттордогу иштерди кароодо объективдүүлүктү көрсөтүп, саясий оппоненттерин куугунтуктоону токтотушу керек.

Менин тарапташтарым шайлоого тынч даярданууга мүмкүнчүлүк алышы керек.

Бул тууралуу Владимир Владимирович Путин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүнү көздөп жатат.

Жээнбеков тарабынан андай кадамды көрсөк эле оппозициянын күн тартиби дароо өзгөрүлөт. Саясий чыңалуу басаңдайт. Биз дагы Кыргызстандын келечеги үчүн ушундайды каалайбыз.

Дагы азыркы бийлик өлкөнү өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн иштеши керек. Биз ага жардам берүүгө ниеттенебиз.

Жарандар Жээнбековдун өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштегенин баамдаганда, оппозиция келерки шайлоого даярданат, эл да тынчыйт. Ошондо саясий туруктуулук орнойт. Туруктуулук тууралуу биз Владимир Владимирович Путин менен жолугушууда талкууладык.

Биз 3-июлдагы митингде айтканыбыздай, бийликтин конкреттүү кадамдарын сентябрь айына чейин күтөбүз” деп айтты Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 24-июлда, Москвада Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты