​Чек ара маселеси боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү жүрдү

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөштү.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух жолдору ачылды.

Вице-премьер Жеңиш Разаков сүйлөшүүдөн кийин мындай деди:

-Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча биз мындан мурдараак сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүздүк. Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух жолдору бүгүн эртең менен ачылды,- деп билдирди Жеңиш Разаков.

Ошондой эле Баткен облусунун жана Согди облусунуну милициясы көзөмөл жүргүзмөй болду.

Сүйлөшүүлөр дагы уланууда.

22-июлда Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух (ТР) айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты