​Милиция Баткенде тургундарга үн чыгаруучу атайын каражат колдонду

  • 5 лет мурун

Милиция Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына курал эмес, үн чыгаруучу атайын каражаттарды колдонду.

Бул тууралуу Баткен ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, “Аксай-Ворух” жолун жаап салууга болбой деп жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда бир айдоочу “КамАЗ” менен жолго шагыл төгүп салган.

Укук коргоо кызматкерлери аны токтотобуз дегенде, жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерин таш менен ургулай баштаган. Жолду ачыш үчүн милиция үн чыгаруучу атайын каражаттарды колдонгон.

Жергиликтүү калктын арасынан тогуз киши жабыркаган. Үч милиция кызматкери жарат алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты