​Ольга Гулина: Миграцияны токтотуу керек эмес, аны башкарууну үйрөнүш керек

“Эгерде өлкөдө сапаттуу жашоо сунушталып, ар бир адамга анын социалдык статусуна, диний көз карашына, гендердик статусуна карабай минималдык укуктар жана эркиндиктер берилсе ал эч качан өз каалоосу менен көп жылдарга миграцияга кетпейт”, — деп белгилейт укуктар боюнча доктор, RUSMPI UG Миграциялык саясат боюнча институттун директору жана негиздөөчүсү Ольга Гулина Cabar.Asia аналитикалык платформасына берген маегинде.

— CABAR.asia: Миграциялык процесстердин Борбордук Азиядагы өзгөчөлүгү кандай? Эмгек миграциясынын каттамдарынын өзгөрүү тенденциялары боюнча эмне айта аласыз?

— Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү миграция дайыма динамикада болуп, ар кандай траекторияларда – географиялык, убакыттык, социо-экономикалык жана албетте, демографиялык кыймыл-аракетте болгон социалдык процесс. Бир канча убакыттан бери постсоветтик аймакта Орусия менен Казакстан мигранттарды кабыл алуучу өлкө, ал эми калган – Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, кайсы бир деңгээлде Түркменстан мигрант менен камсыз кылуучу өлкөлөр болуп келди. Бүгүнкү күндө биз Тажикстандан, Өзбекстандан Кыргызстанга келген сезондук миграция тууралуу дагы кеп кыла алабыз.

Миграциялык агымдар же биз атаган миграциялык коридорлор салыштырмалуу туруктуу, айрым гана трансформацияларды эске албаганда. Отуз жылга жакындан калган убакытта Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн мигранттары иштеп келүү үчүн Орусияны тандап келишет, азыраак учурда Казакстанды. Бүгүнкү күндө Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлөрү – Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстанөз жарандарын башка багытта эмгек менен камсыз кылуу максатында эл аралык келишимдерди түзүп же Чыгыш Араб өлкөлөрүнө, Түркия, Польша жана башка өлкөлөргө жөнөтүүгө аракет кылып жатат.

— Акыркы жылдардагы орто статистикалык мигранттын портретин кандай сүрөттөр элеңиз?

— Жакшы суроо, мунун жообу көп жагдайларга байланыштуу: мигранттын кайсы өлкөдөн чыкканына, кабыл алуучу өлкөгө, миграциялык максат жана умтулуусуна жараша болот. Миграциянын жүзү көп түрдүү.

Эгерде биз Борбордук Азия өлкөсүнөн чыгып Орусияда жүргөн мигрант тууралуу айта турган болсок, анда 90-жылдар менен 2000-жылдардагы мигранттын портрети эки башка. Бүгүнкү күндө Борбордук Азиядан Орусияга эмгекке жарамдуу жаш эркектер кетип жатат. Бир гана Кыргызстандан Орусияга барган мигранттардын ичинде аялдардын жүзү бар. Аны менен катар эле мектепти бүтөрү менен Орусияга мигрант болуп кеткендер дагы чыгат.

А эгер биз Борбордук Азиядан Европалык союзга кеткен гуманитардык миграция тууралуу кеп кыла турган болсок – бул көбүнчө Түркменстандын жарандарына, айрым учурларда Тажикстандын жарандарына берилген саясий башпаанек.

Акыркы 10 жыл ичинде Түрменстандан кайрылган ар бир жаран, Кыргызстандан кайрылган ар бир төртүнчү жаран, Казакстандан кайрылган ар бир бешинчи жаран, Тажикстандан кайрылган ар бир онунчу жаран Евросоюз өлкөлөрүнөн башпаанек алышкан.

— Көп убакыт бою Борбордук Азиянын үч өлкөсүнөн – Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан гана миграцияга кеткендей сезилсе, акыркы учурларда Түркменстан менен Казакстандан дагы миграция күчөй баштады. Бул эмнеден кабар берет?

— Миграция – бул, эгер кааласаңыз, социалдык-экономикалык жана саясий жашоонун күзгүсү.

Ар бир миграциялык динамика өлкөдө жана коомдо болуп жаткан турмушту чагылдырып турат. Түрменстандын тышкы миграциясындагы өзгөрүүнү өлкөдөгү саясий жашоонун өзгөрүүсү менен байланыштырууга болот. Бирок, ал жактан расмий маалыматтарды алууга мүмкүн болбогондон кийин миграциянын агымы өсүп жатат деп айтуу дагы кыйын. Бирок бир катар байкоочулар тескери тенденцияны байкашкан – 40ка жашы жете электерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынышы, аялдарга өлкөдөн чыгууга болгонтоскоолдуктар жана башкалар. Дагы деле миграциялык тренддер тууралуу сөз кылуу үчүн расмий маалыматтар болушу керек, бул өлкө боюнча андай маалыматтар жок.

Ал эми Казакстан тууралуу айта турган болсок, чындыгында эле, 2012-жылдан бери өлкөдөн чыгып кеткендер менен бул өлкөгө киргендердин ортосундагы айырмачылык өтө чоң болуп жатат. Бирок, бул дагы абдан маанилүү – СССР кулагандан кийин Казакстандын калкы Орусиядан айырмаланып (экөө тең мигранттарды кабыл алуучу өлкө) өстү жана өлкөгө демографиялык депопуляция коркунуч жараткан жок. Ошентсе дагы калктын чыгып кетип аткан санынын өсүшү өлкөдө болуп жаткан көрүнүштөр жана алардын чыгып кетүүсүнүн себептери тууралуу ойлонтушу керек.

— Орусия Федерациясынын иммиграциялык саясаты менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мигранттарынын Орусияга агылышынын байланышы барбы? Орусия кайсы ыкмалар менен Борбордук Азиядан келген эмиграцияга артыкчылыктарды берет?

— Биринчиден, Орусияга Борбордук Азиядан массалык түрдө кеткен жок. Бул чөлкөмдөн Орусияга кеткен миграция сезондуу мүнөзгө ээ. Ал жакка мигранттар экинчи мекенин издеп эмес, убактылуу жашоо шартын жакшыртуу үчүн гана барып жатышат.

Экинчиден, орусиялык отурукташтыруу программасы – башка постсоветтик өлкөлөрдүн программаларынан айырмаланып, дайыма программанын катышуучулары тууралуу түшүнүктү кеңири алат, тилдин, диндин, маданияттын, салттын жалпылыгы жана анын урпактары. Жыйынтыгында орусиялык кайра отурукташтыруу программасына Борбордук Азиядан баргандар дагы чоң салым кошуп келет. Орусиянын бул программасы боюнча Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн ичинен эң лидер өлкөлөр катарында Казакстан (ар ьир үчүнчү), Тажикстан (ар бир бешинчи), азыраак санда Өзбекстан (ар бир он биринчи) жана Кыргызстан (ар бир отуз экинчи) жана аз санда – бир пайыздан а- Түркменстандын жарандары болуп саналат.

— Бул чөлкөмдүн өлкөлөрү миграцияны токтотуу үчүн кандай чараларды көрүү керек? Бул өлкөнүн саясий элиталарына керекпи?

— Миграцияны токтотуу керек эмес, аны башкарууну үйрөнүш керек. Постсоветтик эгемендүү өлкөлөр миграциядан экономикалык эмес саясий гана процесстерди көрүп жатканы – бул татаалдык.

Эгерде өлкөдө сапаттуу жашоо сунушталып, ар бир адамга анын социалдык статусуна, диний көз карашына, гендердик статусуна карабай минималдык укуктар жана эркиндиктер берилсе ал эч качан өз каалоосу менен көп жылдарга миграцияга кетпейт.

— Каршылык көрсөтө турган жана активдүү топту миграцияга жөнөтүп, алардын акча которууларынын эсебинен өлкөдөгү сациалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү бийликтегилер үчүн пайдалуудай сезилбейби сизге?

— Сиздин сурооңузда эки маселе бар. Биринчиси – каршылык маанайдын миграциялык динамикага тийгизген таасири, экинчиси – мигранттардын өз өлкөсүнө которгон акчаларынын эсебинен социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүу мүмкүнчүлүгү. Биринчи суроо боюнча, сиздин айтканыңыз туура, мисалы, Европалык союз өлкөлөрүнөн башпаанек сурагандардын саны сырттан эмес, өлкөнүн ички саясий жана экономикалык күн тартибинен улам аныкталат. Саясий кырдаалдагы ар бир өзгөрүү, башкаруучу элитанын алмашуусу миграциялык динамикага таасирин тийгизет.

Ал эми экинчи сурооңуз боюнча – бир тараптуу караганга мүмкүн эмес. Мигранттардын которгон акчаларынын эсебинен социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү узак убакытка чечүү бир дагы өлкө үчүн пайда алып келбейт. Ал эми кыска мөөнөттүү максат үчүн, Украинанын тажрыйбасы көрсөткөндөй – бул мүмкүн жана жакшы нерсе. Украинанын мигранттары которгон акчалар өлкөгө тартылган инвестициянын көлөмүнө караганда алда канча жогору экенин билсеңиздер керек.

— Борбордук Азия өлкөлөрүнүн миграциялык программаларынын эффективдүүлүгүн кандай баалайсыз? Мисалы, мигранттарын катарып келүү, түндүктөн түштүккө жайгаштыруу жана башкалар боюнча…

— Советтер союзуна кирген 15 өлкөнүн ичинен – Армения, Азербайджан, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Россия жана Украина – чет өлкөдө жашаган диаспораларга, мекендештерине багытталган, аларды кайтарып келүү боюнча программалары бар.

Аларды кайтарып келүү программаларынын ийгиликтүүлүгү жана кайтып келгендердин “сапаты”, алардын билим деңгээли, демографиялык көрсөткүчтөрү жылдан жылга, ар бир өлкөдө өзгөчөлөнөт.Бул жагынан алганда Орусиянын программасы алдыңкы катарда турат жана анын катышуучуларынын саны жылдан жылга өсүп келе жатат.

Казакстан менен Кыргызстан дагы титулдук улутту кайтаруу боюнча программаларын ишке ашырып келе жатат: Казакстанда оралмандар жана Кыргызстанда кайрылмандар. Бул прораммалардын трансформациясынын динамикасы кызыктуу. Кыргызстан мекендештерин кайтаруу демилгесин өкмөттүн “Жаңы доор – 40 кадам” программасынын алкагында жарыя кылды. 717 миң эмгек мигранты бар, анын 80%дайы Орусияда эмгектенип жаткан өлкө аларды кайтарууга кызыкдар экенин билдирдиПрограмманын эффективдүүлүгүн канча мигрант кайтып келгенинен эмес, кайтып келгендердин канчасы кайра кетип калбай мекенинде калып калды, мына ушундан эсептесе болот.

— Мигранттар бир канча жылдар бою эки өлкөнүн ортосунда кыйынчылыктарды башынан кечирип келишет (материалдык дагы, моралдык-психологиялык мүнөздө дагы). Катардагы мигрант качан кабыл алуучу өлкөнү тандайт? Канчалык түрдө ал массалык мүнөзгө ээ болот?

— Иммиграция тууралуу жана миграция өзү – индивидуалдуу нерсе.

Постсоветтик өлкөлөрдө, айрым гана учурларда аймактык чатак себеп болбосо, көбүнесежакшыраак жашоо издеп барышат. Кайсы бир өлкөнү тандоо, силер туура белгиледиңер, дайыма шектенүү, оорчулук менен коштолот. Ошондуктан, мигрант болуп кетүү көбүнчө мигранттын өзүнүн жана анын айланасындагылардын чечими. Ал эми кайсыл жакка барууну мигрант кайсыл жерде татыктуураак жашоо болот деп эсептесе, жакшы жумуш табарына көзү жетсе, ошого жараша чечет.

Эрмек Байсалов


Доктор Ольга Гулина- RUSMPI UG Миграциялык саясат боюнча институттун директору жана негиздөөчүсү. Ал Орусияда, Германияда, Польшада жана Францияда юриспруденция жана эл аралык укуктар боюнча билим алган. Ал Александр Гумбольдт фондунун программасынын, Европалык дипломатиялык академиянын, Кеннан институтунун Вудро Вильсон эл аралык иликтөө борборунун, саясий окуулар боюнча Москва мектебинин бүтүрүүчүсү. Ольганын 19 жылдык академиялык жана практикалык тажрыйбасы бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты