Россияга барган мигранттардын саны өстү

  • 5 лет мурун

Россияда миграциялык агым 2019-жылдын биринчи жарымында 98 миң кишини түздү. Бул акыркы он жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Бул тууралуу Гайдар институту менен Эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын “Орусиянын экономикалык абалына байкоо” баяндамасында айтылат.

Эксперттер чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын саны көбөйгөнүн, бирок мыйзамдуу түрдө иштеп жаткандардын саны кыскарганын белгилешүүдө.

Иликтөөлөргө ылайык, негизинен Россияга Казакстан, Украина, Тажикстан жана Армения жарандары иш издеп келишет. Өзгөчө армениялык жана украиналык мигранттардын саны өстү. Беларус жана Молдавия жарандарынын саны кыскарды. Кытай, Сербия жана Сириядан да жумуш издеп келгендер көбөйүүдө.

2018-жылы Орусияга 125 миң киши келген, бул соңку жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты