Кичинекей кыргызстандыктардын кичинекей эмес көйгөйлөрү

Кыргызстандан ар бир үчүнчү бала жакыр үйбүлөдө жашайт жана алардын саны жыл сайын өсүп келе жатат. Бул макала алгач Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Бишкектин жаңы конушунда жайгашкан бул кичинекей бөлмөнү жаш үйбүлө ижарага алат. Ал үчүн айына 1000 сом төлөйт ( 14,3$). 38 жаштагы Айжамал (аты өзгөртүлдү) бул бөлмөдө беш баласы менен жашайт. Ал 10 жыл бою жолдошунун сабаганына, мазактаганына чыдап жашап, аягында аны менен ажырашып, балдарын алып борборду көздөй баса берген.

Жакынга чейин эле ал тигүүчү болуп иштеп, жаман эмес акча тапчу. Бирок Айжамал апасы каза болгондон бери стресстен иммунитети түшүп, бат-баттан ооруй баштаган. Убактылуу жумушун таштоого туура келип, бир канча айдан бери минтип балдары менен үйдө эле отурат. Бул үйбүлөнүн азыркы жеке киреше булагы – балдарга мамлекеттен берилчү пособие “Үйбүлөгө көмөк”. Жашы жете элек беш балага айына 4000 сом (57,3$) алат. Эң улуу кызы 12 жашта – бирок анын бою теңтуштарынан артта калып жатат, эң кичүү уулу болсо 6 жашта. Төрт баласы үйүнө жакын жердеги мектепке барышат.

“Мурда иштеп жүргөндө мынчалык кыйын эмес болчу. 5 миң сомго (71,6$) квартира ижарага алчумун, мындай батирлерди карачу дагы эмесмин. Бирок үч ай ооруканада жатып калганымда, балдарымды туугандарым алып кетип, квартиранын кожоюну болсо буюмдарымды чыгарып койду. Үч айда буюмдарыбыз чирип кетиптир, ошентип эч нерсебиз жок калды. Эми ушул квартираны 1000 сомго ижарага алып отурам. Жашоо ушундай экен”, — дейт Айжамал.

Эмки айдан баштап ал кайрадан жумушка чыксам деп турат. Мындан ары эс алганга жана дарыланууга мүмкүнчүлүк жок.

Жакырчылыктын босогосу

Статистикага ылайык, Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт. Ал эми төрт же андан көп баласы бар ар бир экинчи үйбүлө жетишпеген үйбүлөлөрдүн катарына кирет. Калктын саны өскөн сайын кедейликте жашаган балдардын дагы саны өсүп жатат.

Кыргызстанда ар бир киши башына айына 2674 сом (39$) туура келсе бул үйбүлө жакыр үйбүлө болуп саналат. Эгерде үйбүлөнүн кирешесин киши башына бөлгөндө 1456 сомдон (20$) туура келсе ал өтө жакыр үйбүлө болуп саналат.

Бул сандар жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша өзгөрүп турат. Бирок, балдардын арасындагы жакырчылыктын үлүшү азайгандай болгону менен алардын саны өсүп келе жатат. 2015-жылы жакырчылыктын босогосу 40 сомго аз болуп 2631 сомду түзүп жыйынтыгында балдардын арасындагы жакырчылыктын үлүшү жогору болчу.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2015-жылдан бери муктаж болгон балдардын саны 40 миңге жетти.

Ал гана эмес, 2015-жылдагы статистикалык маалыматтар КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жакыр балдардын үлүшү Тажикстандан кийин эле Кыргызстанда эң жогору болуп чыккан.

Мамлекеттик гарант

Кыргызстанда расмий түрдө балдардын жакырдыгын 2010-жылдан баштап эсептей башташкан. Бул ыкма ЮНИСЕФ менен мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгып, Кыргызстанга ыңгайлаштырылган. Ошондон бери Улуттук статистикалык комитет жыл сайын бул көрсөткүчтү эсептеп келет.

“Балдар жакырчылыгынын деңгээлин билүү абдан маанилүү. Себеби, бул тууралуу түшүнүк жок болгон учурда, анын көрсөткүчтөрү өлчөнбөсө бул көйгөй дагы жок сыяктуу болуп калат да. Бул көйгөй тууралуу кеп болбосо аны чечүү жолу дагы изделбейт” дейт ЮНИСЕФтин социалдык саясатынын адиси Гүлсан Турусбекова.

Улуттук статистикалык комитеттин 2013-2017-жылдарга карата отчетунда “жакырчылыкта жашаган балдар жашоого, өнүгүүгө, бакубат жашоого керек болгон материалдык, рухий жана эстетикалык ресурстардын жоктугун баштан кечиришет, бул алардын укугун толугу менен пайдаланып, потенциалын ачып коомдук турмушка толугу менен катышуусуна тоскоолдук жаратат. Жакырчылык балдардын жетишкендигин жокко чыгарып, алардын жашоосун коркунучка кептейт жана мүмкүнчүлүктөрүн чектейт” деп жазылат.

Кыргызстан 1994-жылы Балдар укугу тууралуу Конвенцияны ратификациядан өткөргөн. Бул документте адамдын укугун сыйлоо ал өлкөдөгү балдарга жасаган мамиледен башталат деп жазылган. Конвенцияда балдар ээ боло турган базалык укуктар жазылган.

“Балдардын укугун коргоо лигасы” Коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова көйгөйдүн тамыры жумушсуздукта эмес, ата-энелердин турмуштун кыйынчылыгына жакшы туруштук бербегенинде, болуп жаткан өзгөрүүлөргө ыңгайлашпаганында деп эсептейт.

“Көп учурда апасы күчтүү эмес үйбүлөлөр жакыр болот. Апасы жаңы нерселерге, рынокто суроо-талап болуп жаткан кызматтарга бат үйрөнбөгөн үйбүлөлөр кедейчиликке туш болот”, — дейт ал.

Анын айтымында, кыздардын эрте турмушка чыгышы дагы алардын окуусуна жана өз алдынча акча табуусуна мүмкүнчүлүктөрүн азайтат жана бул дагы жакырчылыкта жашоо тобокелдигине түртөт.

“Ошондуктан, кыздарга билим берүүгө көңүл буруу зарыл. Алар өз укугун билип, турмуш-шарттын курмандыгы болбогондой болушу керек”, — деп белгилейт Турдубекова.

Комплекстүү чаралар

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пособилелери” тууралуу мыйзамына ылайык, жетишпеген үйбүлөлөргө 16 жашка чейинки ар бир балага 810 сом (11,6$) төлөнөт. Кыргызстандагы мамлекеттик саясаттын даректүү жалгыз чарасы ушул.

Улуттук статистикалык комитет жыл сайын эмгекке жарамдуу калктын, пенсионерлердин жана балдардын жашоого керектүү болгон минимумун эсептейт. Бул жылдын биринчи кварталынын маалыматтарына караганда, бир балага анын жашына жараша 3,5 миңден 4,5 миң сомго (50-64,4$) чейин туура келет. Тагыраак айтканда, бир балага төлөнчү пособи жашоо минимумуна караганда 4-5 эсеге аз. Бирок ушул сумманы дагы муктаж болгон бардык балдар ала албайт.

Эл аралык уюмдардын акыркы изилдөөлөрү 63% муктаж болгон балдарга пособиелер жетпегенин көрсөткөн. 15%ы гана чындыгында пособие алганга укуктуулар болуп чыккан.

Социалдык коргоо кызматкерлеринин орой мамилелери дагы пособие алуу үчүн кайрылгандардын санына таасирин тийгизет. Аны менен катар пособие алам деген үйбүлө алардын кирешеси 900 сомдон ашпай турганын далилдеп бериши зарыл. Болбосо акча бөлүнбөйт. Жыйынтыгында бул акчаны чыгарууда коррупциялык элементтерге дагы жол берилет.

Эксперттер мамлекеттик колдоонун даректүүлүгү максатына жеткен жок деген жыйынтык чыгарышкан, анткени, калктын эң кедей бөлүгү системанын артында кала берген. Себептердин арасында узун тизмедеги документтер дагы бар.

“Пособие алуу үчүн 25тей справка чогултуу керек экен. Айрымдары бири-бирине карама-каршы келет. Мисалы, эгер адам аз камсыз болгон болсо, ал пропискасына карабай акча алышы керек. Бирок, ал жумушу жок деген справканы алуу үчүн сөзсүз жашаган жеринен дагы справка алышы керек” дейт Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева CABAR.asia порталына берген маегинде.

Депутаттын маалыматына караганда, 2018-жылы пособиеден 1,7 млрд сом (24,34 млн $) үнөмдөлгөн – мунун баары аз камсыз болгон үйбүлөлөр тиешелүү документтерди чогулта албай эле ала албай калган. Парламентте пособие берүүгө мониторинг жүргүүп, кемчиликтерди иликтей турган жумушчу топ түзүлгөн. Касымалиеванын айтымында, азыр карама-каршылыктарды таап чыгып, документтерди жөнөкөйлөштүрүү боюнча иш алып барып жатат.

Ал белгилегендей, аз камсыз болгон үйбүлөлөрдүн чоң бөлүгү документтеринин жоктугунан бул системадан сыртта калып жатат.

“Мисалы, Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарынын көбүнүн документтери жок. Алар мыйзамсыз курулган жерлерде жашагандыктан справкаларды чогулта алышпайт. Ал гана эмес, көптөрүнүн паспорттору дагы жок”, — дейт Касымалиева.

Аны менен катар эле депутат бала жакшы өнүгүшү үчүн үч жашка чейин жакшы тамактанышы керектигин белгилейт.

“Уч жашка чейинки бардык балдарды камтуу керек, бул тизмеден жогорку саясий кызматтагыларды жана эл аралык уюмдарда иштеген үйбүлөлөрдү алып салуу керек. Ошондо биз көп үйбүлөнү камтый алабыз. Бул пособие врачтардын, мугалимдердин балдарына дагы берилип, калктын кеңири катмарына тарайт, ошондо жакырчылык менен күрөшө алабыз”, — дейт депутат.

Социалдык коргоо жана жакырчылык менен күрөшүү боюнча эксперт Жыпар Рысбекова пособие менен эле бул кырдаалды жакшыртууга мүмкүн эмес экенин айтат. Анын пикиринде мамлекет көрө турган бир катар чаралар бар:

“Балдар арасындагы жакырчылыкты жоюуга болгон мамлекеттин аракети жетишсиз. Пособие бөлүп берүү сыяктуу пассивдүү чаралардан сырткары, активдүү чараларды дагы көрүү керек. Социалдык коргоонун алкагындагы социалдык коштоп жүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү. Тагыраак айтканда, комплекстүү чаралар көрүлүшү зарыл”.

Асель Сооронбаева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты