Жээнбековдун Тажикстанга баруусу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга жумушчу сапар менен баруусу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

Бул кабарды Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти тастыктады.

Анда эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде чек ара меселеси талкууланмакчы. Президенттин аппараты эки президенттин жолугушуусунун убактысы жана орду такталып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Тажикстандагы “Азия-плюс” басылмасы өз булактарына таянып, тажик президенти Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков Исфарада жолугаарын кабарлаган.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен.

Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылер желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жараат алган, үчөөнө таш тийген.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнун басма сөз кызматы билдирди.

Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам 315 киши Баткен шаарына көчүрүлдү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты