​Вице-премьер Разаков чек арадагы кырдаал менен таанышты

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кечээ болуп өткөн окуяга байланыштуу күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү.

Ошондой эле чатакта жабыр тартып, Баткен ооруканасында жаткан жарандардан кабар алды. Алардын абалы туруктуу.

Вице-премьер-министр ошондой эле Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин жана медресенин имаратында убактылуу жайгаштырылган Аксай айылынын 315 тургуну менен жолугушуп, алардын жашоо — шарты менен таанышты.

Айылдын жашоочуларына тиешелүү гуманитардык жардам жана колдоо көрсөтүлүп жатат.

22-июлда саат 17.20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух (ТР) айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон.

Аксай айылынын жашоочулары флагштокко каршы чыгышып, натыйжада эки айылдын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан.

Анын кесепетинен тараптардын бири курал колдонгон.

Кыргыз — тажик чек арасындагы чырдан бир киши каза болуп, кеминде дагы бешөө жаракат алды.

22-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча кылмыш иши козголду.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты