​Финансы полициясы пара доолаган салык кызматкерин кармады

  • 5 лет мурун

Салык кызматынын Ысык-Ата району боюнча бөлүмүнүн сектор башчысы ишкердин бизнесине кийлигишпөө шарты менен пара доолаган кызматкерди кармады.

Бул тууралуу Экономомикалык кылдмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (финансы полициясы) басма сөз кызматы битлдирди.

19-июлда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына Ж.Д. аттуу ишкер арыз менен кайрылган.

Ал Ысык-Ата райондук К.Н. аттуу салык кызматкери кызмат абалынан кыянат пайдаланып, тынч бизнес жүргүзүүгө өбөлгө болуу шарты менен көптөн бери эле 200 миң сом пара доолап келгенин билдирген.

Ал эми анын өтүнүчү аткарылбаган күндө, ишин ар кайсы инстанция текшерүүгө ала турганы менен коркутуп келген. Ошондой эле ишкерди соо койбосун каңкуулай берген.

Бул арыз Кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине 326-берене, пара талап кылуу боюнча катталган.

Арыз берген кишинин ден соолугуна байланыштуу ал Кант шаарынын ооруканаларынын биринде жатканда салык кызматкери К.Н. ге 1800 доллар берип жатканда кармалган. Пара талап кылган кишинин жанында А.Н. аттуу кызы болгон.

Алар Бишкек шаарынын №21 камак жайына киргизилген.

Ошондон улам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (финансы полициясы) ишкерлерден, эгер пара же дагы башка акча талап кылган учур болсо, төмөнкү дарекке кайрылууну өтүнөт: Бишкек шаары, Манас проспекти,101/1, тел.: (0312) 323 091, 323 707.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты