​Зеленскийдин партиясынын коалициясыз өкмөт куроо мүмкүнчүлүгү бар

  • 5 лет мурун

Украина президенти Владимир Зеленскийдин “Эл кызматчысы” («Слуги народа») партиясы коалициясыз, өз алдынча өкмөт куроо мүмүнчүлүгүнө ээ болууда.

«Интерфакс-Украина» маалымдагандай, анын партиясы мажоритардык окуругдардан шайланып келген 120 депутаттын 115инин добушуна ээ болот.

Мындан тышкары тизме боюнча дагы 121 добушу бар. Бул партия Украинанын тарыхында биринчи жолу Радада абсолюттук көпчүлүккө ээ болуп, өз алдынча өкмөт курайт дегенди билдирет.

Жогорку Радага шайлоо 21-июлда өттү. 424 мандатка 6000дей талапкер ат салышты. Орундардын жарымы бир мандаттуу депутаттар арасында бөлүштүрүлөт. Жарымы партиялык тизменин жыйынnыгы менен куралат.

Алдын ала маалыматтар боюнча беш партия парламентке өттү.

Украина Борбордук шайлоо комитетинин маалыматы боюнча бюллетендердин төрттөн үч бөлүгү саналып бүттү.

“Эл кызматчысы” партиясы 42% добуш менен атаандаштарынан 30% добушка алдыга озуп кетти. Экинчи орунда 12,6% менен «Оппозициялык платформа» партиясы, үчүнчү орунда өлкөнүн мурдагы президенти Петро Порошенконун «Европалык тилектештик» деп аталган партиясы 8,6% менен келатат. Төртүнчү орунда мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы добуштардын 8,3% менен, ал эми акыркы бешинчи орунда музыкант Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы 6,3% менен парламентке өтүү мүмкүнчүлүгүн алгандай көрүнөт.

Украина Конституциясына ылайык, парламенттик көпчүлүктү фракциялар же курамында 226дан кем эмес депутаты бар фракция гана курай алат. Эгер Зеленскийдин партиясы керектүү добуш топтой албаса, башка партиялар менен коалиция түзүүгө аргасыз болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты