​Жээнбеков Сауд Арабия парламент спикери менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Сауд Арабия Королдугунун Аш-Шура мажилисинин спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Президент соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар, айыл чарба жана региондор аралык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Сауд Арабия Королдугунун мажилисинин спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жемиштүү сүйлөшүүлөр өткөнүн белгиледи.

Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Сауд Арабиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сапарын күтүп жатышканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты