​Россияда Western Union өлкө сыртына акча которууга чектөө киргизди

  • 5 лет мурун

Россияда Western Union төлөм системасы башка өлкөлөргө айына 600 миң рублден ашык акча которууга чектөө киргизди.

Бул тууралуу компаниянын сайты кабарлады.

Жаңы эреже «Акчанын изин жашырууга жана терроризмге каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзамды аткарууга байланыштуу 22-июлдан тартып күчүнө кирди.

Документте белгиленгендей, быйыл апрелде Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Вьетнам өлкөлөрү үчүн киргизилген айына 100 миң рублдик чектөө өзгөрүүсүз калды.

Орусиянын Борбордук банкы мындай жол менен көмүскө операцияларга, анын ичинде катталбастан ишкердик менен алектенгендерге каршы күрөшүүдө.

2018-жылдын 30-сентябрына карата Western Union 200дөн ашык өлкөнүн ортосунда акча которуу операцияларын аткарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты