​Денис Петрашов Токио олимпиадасына жолдомо алды

  • 5 лет мурун

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада ооюндарына жолдомо утту.

Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында сууда сүзүү боюнча XVIII дүйнө чемпионатында кечээ, 21-июлда, Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээледи.

Петрашов аралыкты 1 мүнөт 94 секундада сүзүп өтүп, олимпиадалык нормативди толтурду жана жолдомого ээ болду.

Бул — кыргызстандык спортчуларга 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына берилген алгачкы жолдомо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты