Алты жаштагы балага кыйнап арак бергендердин тергөө иши башталды

  • 5 лет мурун

Алты жашар балага кыйнап арак берген факты боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 12-июль күнү дарыгерлер Жайыл РИИБине кайрылып, өспүрүм бала аракка ууланып ооруканага алынып келингенин билдиришкен.

Бала өзүнө келбей кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, жабыркаган өспүрүм 2012-жылы туулган П.Ю. аттуу бала экенин аныктаган. Андан соң милиция кызматкерлери анын 30 жаштагы энесин суракка алган.

«Апасы Ставропавловка айылында 60 жаштагы адам менен чогуу жашап жүргөн. Алар 11-июлда түндө арак ичип отурушуп уруша кетишет. Эркек киши аялды сабап, ал качып кеткен.

Түн ортосунда аял үйгө келип баласынын уктап жатканын көрүп жатып алган. Эртең менен турганда баласынын абалын көрүп дароо ооруканага алып келген», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, тергөө маалында үй ээси тамак ичкиси келген баланын колуна помидор карматып, ага күч менен эки стакан аракты кыйнап ичиргени такталган.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 137-беренеси («Өзүн-өзүн өлтүрүүгө түртүү») боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты