Түркияда улуттук оюндардын фестивалы өтүүдө

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 20-июлда Түркиянын Бурса аймагындагы Келеш Кожайайла жайлоосунда 16 түрк тилдүү мамлекеттерден келген спортчулар жана артистер катышкан фестиваль башталды.

Бул жылы төртүнчү жолу уюштурулуп жаткан иш-чарага Кыргызстандан ырчылар жана спортчулар катышууда.

Дүйнө этноспорт конфедерациясы жана Түркиянын маданият министрлигинин колдоосу менен өтүп жаткан фестивалда көкбөрү, күрөш, жаа атуу, тогуз коргоол жана ордо сыяктуу улуттук оюндар ойнотулат.

Жергиликтүү серепчилер 2020-жылы Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары дал ушул Келеш Кожайайла жайлоосунда өтөт деп болжоп турушат.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезеги былтыр Түркияга берилген. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты