​Бүгүн күн 39 градуска чейин ысыйт

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 20-июлда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда — түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Талас облусунда — түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда — түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда — түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүзгү жогорку температура 36…38 градуска жетет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты