Нарындыктар Турдакун Усубалиевдин сүрөтүн тааныбай калганда…

  • 5 лет мурун

Бул күндөрү Кыргыз эл Баатыры, мамлекеттик жана партиялык ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөөгө өлкөдө даярдык жүрүп жаткан кез.

Нарын шаарынын Ленин көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин юбилейине карата баннер илинген. Бирок анда Усубалиевдин сүрөтүнүн ордуна башка кишинин сүрөтү коюлуп калгандыгын социалдык тармактарда талкуулап жатышат.

Баннердеги сүрөттөгу киши мурдагы транспорт министри Кыдырма Орозалиев болуп чыккан.

Нарын шаарынын мэриясы бул ката басмаканадан кеткен деп баннерди алмаштырууга киришти.

Турдакун Усубалиев Нарындын Кочкор районунда 1919 жылы 6-ноябрда туулган. Кыргызстан КП БКны дээрлик чейрек кылым жетектеген, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Анын атын тарых музейине, борбордун эски аянтына берүү сунуштары талкууланып жатат.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо тууралуу жарлыкка 4-февралда кол койгон.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты