​Солтон-Сарыдагы малдын өлүмү: Иликтөө улантылат

  • 5 лет мурун

Нарында, Солтон-Сары жайлоосунда мал өлүп жаткандыгы тууралуу социалдык тармактарда айтылгандарга Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчилери пресс-конференцияда жооп берди.

Аталган кызматтын директорунун орун басары Кумар Исаковдун айтымында, 8-июлда Солтон-Сары жайлоосунда мал жапырт өлүп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.

Ал жакта Нарын районунун Эмгекчил жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн малы багылат.

Солтон-Сары жайлоосунда 11 миң 382 малды 27 чабан багат.

Бучук аттуу жерде М.Ш. аттуу чабандын 25 кою өлгөн. Өлгөн малды Нарындын лабораториясынан текшергенде, алардан мышьяк жана нитрат чыккан.

15-июлда өлгөн малдын экөөнүн этин жана тирүүлөй бир козуну Ветеринардык диагностика борборуна алып барып текшергенде, алардан нитрат жана мышьяк чыккан эмес.

Алар дагы кошумча иликтенип текшерүүгө алынууда.

Социалдык тармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки кырылып жатканы тартылган сүрөт, видеолор тараган.

15-июлда Нарын облустук администрациянын алдына чогулгандар Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компания сууну булгап, мал өлүп жатат деп нааразы болуп чыгышкан.

Нааразы болгондор “Jhong ji Mining” аттуу кытайлык компаниянын ишинин токтотулушун талап кылышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты